Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Петровкалыктар 30-апрелде көчөгө кайра чыгышат


Мындай чечим бүгүн өткөн нааразылык иш-чарасынын учурунда кабыл алынды. Бүгүн Москва районунун Петровка айылында жүз чамалаш киши чогулуп, камактагыларды бошотуу, Ички иштер министри Конгантиевди кызматтан алуу өңдүү бир катар талаптарын коюушту. Чогулгандар эртең Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, 30-апрелде Петровкада кайрадан акция уюштуруу чечимине келишти. 26-апрелдеги жаңжал боюнча эл менен жолугушуу үчүн бүгүн Москва районуна СДП фракциясынын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева баштаган депутаттар тобу, Кыргызстан элдеринин ассамблея башчысы Жаңыл Түмөнбаева баштаган Кыргызстандагы улуттук ассоциациялардын өкүлдөрү барышты. Ушул эле күнү Петровкада кыргыз, күрт аксакалдары менен жергиликтүү бийликтин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жыйын өткөрүштү. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG