Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

К.Бакиев:ДБ суу башындагы өлкөгө акчалай компенсация берүүнү сунуштоодо


Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Курманбек БакиевАрал деңизин сактоо фондунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгилеп өттү. Өз сөзүндө Кыргызстандын президенти фонддун артыкчылыктуу багыттарына өз көз карашын билдирди. Президенттин айтымында Кыргызстан өзү жана Борбор Азиядагы калган Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттери сугат, электр энергиясы, өнөр жай үчүн, тамак-аш үчүн пайдаланып келаткан суунун башында турат. Ошол эле мезгилде өлкө таза суунун запасынын азаюу коркунучуна кирептер болуп атат. Президент өз сөзүндө эгер дайраларды сактоонун камын чогуу көрбөсө жакын арада бөлүшөргө суу калбай каларын эскертти.
Өз сөзүндө Бакиев чогуу пайдаланчу суунун экологиялык, чарбалык, энергетикалык, техникалык, каржылык өңүттөрүнө токтолуп, проблемаларды чогуу чечүү үчүн Аралды сактоо эл аралык фондун реформалоо, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүү керек деп эсептеди. Дүйнөлүк Банктын докладына шилтеме берген президент суунун башында турган өлкөгө сууну топтоп берип атканы үчүн экономикалык чыгымдарга акчалай компенсация керек деген Эл аралык каржы уюмунун сунушун келтирди. Арал деңизин сактоо боюнча Эл аралык фондго мүчө мамлекет башчылардын жыйыны бүгүн Алматыда өттү. (BuS)

XS
SM
MD
LG