Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Жер ала албагандар Жалал-Абат облбийлигине нааразы


Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 350 кожолуктун талабы төрт жылдан бери орундалбай келатат. Алар турак-жай үчүн жерге муктаж. Бүгүн губернатордун 1-орунбасары кызылтуулук өкүлдөрдүн « маселени чечпей, президенттин саясатына каршы иштеп жатасың» деген сөзүн укпай, басып кеткен. Өкмөт айылга Жалал-Абат шаарына караган канаттуулардын эски фабрикасынан 30 пайыз жер кесип берүү токтомун чыгарган. Эл талабы аткарылбаганына нааразы болгон өкүлдөр облбийликтин алдында 2005-жылдагыдай боз үйлөрдү тигип, акцияларды баштоого мажбур экендиктерин билдиришти. Губернатор Кошбай Масиров өкмөт токтомунда «кызылтуулуктарга жер берилсин» деген көрсөтмө жок экендигин айтты. Канаттуулар фабрикасын Жалал-Абат шаарындагылар басып алгандыктан маселени чечүү жагы мурда ошол шаарда, эми губернатордун 1-орунбасары болуп иштеген Т. Бекбоевге жүктөлгөн (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG