Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Кечээки жер титирөөдөн Кочкор-Атада ондон ашык үй жабыркады


« Шаардагы 14-мектеп кыйроо абалдында турат, жардам бергиле » - деп, мектептин деректири Галина Герасиненко телефон аркылуу ыйлап билдирди. Анын айтымында, жер титирөөдө мектептин дубалдарынан 3 сантиметрдей жарака кетип, пайдубалы чөгүүдө. Балдардын тагдырына кооптонгон жүздөй адам пикет өткөрдү. Мектептин жарактуулугун аныктоого зарыл 192 миң сомду Кочкор-Ата шаар бийлиги таап бералбай атат. Маселе шаар жана Ноокен райбийлигине билдирилген, бирок он жылдан бери жыйынтык жок. Балдардын коопсуздугунан да акча кымбат турабы? – деп суроо койду деректир. Шаар башчы Мисир Бердикулов мектептеги эски жараканы тастыктап, пикет тууралу кепти жокко чыгарып, деректирдин курулай ызы-чуу салганын билдирди. 27-апрелде жер силкингенде 28-мектептин ашканасы менен карылар үйүнө жана 12-13 үйгө жарака түшкөн. (YA)

XS
SM
MD
LG