Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ИИМ Петровка жаңжалы боюнча чаралар тууралуу расмий маалымат таратты


Маалыматка караганда 26-апрелде Москва районундагы Петровка айылында чыккан жаңжалга байланыштуу 84 киши Бишкек шаардык ички иштер кызматынын кармап, кайра бөлүштүрүүчү жайына жеткирилген. Алардын 11и - өспүрүмдөр. Москва райондук сотунун көчмө отуруму кармалгандардын бир күндүк камакка, 13үнө эскертүү берди, бирөөнө 330 сом айып салды, 4 киши жоопкерчиликтен бошотулду. Окуя боюнча баш прокуратура козгогон кылмыш ишинин негизинде массалык тартипсиздикке активдүү катышкан "Болуш" бейөкмөт уюмунун башчысы Сапарбек Аргынбаевдин, Норузбек Толгонбаевдин, Уран Рускуловдун, “Бишкек-Ош” автожолун тосууга барган нааразылык акциясына активдүү катышкан "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев менен "Ата мекен" партиясынын мүчөсү Турат Мадылбековдун ишин тергөө Коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди.
Милиция кызматкерлери мындан тышкары окуяга байланыштуу 26 күрт кармалып, кылмыш жасады деген бирөөнөн башкасы бошотулду.
Учурда Москва районунун Петровкага жакын айылдарын милиция коомдук тартипти сактоо боюнча көзөмөлдү улантууда. Мындай маалыматты бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG