Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Петровка чатагы көп чырдын башы болчудай


Петровкадагы толкуган эл. 27-апрель,2009-жыл.
Петровкадагы толкуган эл. 27-апрель,2009-жыл.

Москва районунун Петровка айылында болгон зомбулук саясий күчтөрдүн катуу айыптоолорун жаратты. Мыйзамдуулукту талап кылып митингге чыкканда камакка алынган петровкалыктардын көбү абактан чыккан менен “улут аралык жаңжал жаратты” деген кине менен камакка алынган саясатчылардын мындан аркы тагдыры кандай болору белгисиз. Оппозиция муну саясий куугунтуктун уландысы десе, бийликтегилер мыйзам чегинде жаза берүү деп баалап жатышат.

Петровкадагы үрөй учурган окуяга күнөөлүү адамдын жазаланышын талап кылып митингге чыкканда камакка алынган 84 адамдын ичинен төртөө- "Болуш" бейөкмөт уюмунун башчысы Сапарбек Аргынбаев, Норузбек Толгонбаев, Уран Рыскулов, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев менен "Ата мекен" партиясынын мүчөсү Турат Мадылбеков азыр абакта. Ички иштер министрлиги аларга “Улуттук жаңжал жаратты” жана “Массалык башаламандык уюштурду” деп ачылган кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берди. Укук коргоочулар болсо алар бейкүнөө жерден камакка алынды деп, бошотулуусун талап кылып жатышат.

Бул окуя боюнча Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов билдирүү таратып, окуя “бийлик турмуштагы чыныгы көйгөйлөрдөн алыстап, жарандардын күнүмдүк маселесин түшүнбөй калгандыгынын” бетин ачты деп билдирди.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев кырдаалды бийлик көйгөйдүн тамырын терең иликтеп, кырдаалды сабырдуулук менен жөнгө салуунун ордуна мыйзамдуулукту талап кылган саясатчыларды камакка алып, карама-каршы маалыматтарды таратып коомду будамайга салды деп баалады.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болсо бул окуя оппозициянын Арашандагы курултайынан башталган деп Улуттук телеканал аркылуу жарыя кылса, бийликчил “Ак жол” партиясынын мүчөсү Раиса Сидоренко окуяны оппозиция өкүлдөрү козутуп жатат деп билдирди.

Саясат талдоочулар мына ушундай карама-каршылыктуу билдирүүлөр коомдун бүйүрүн ого бетер кызытып, оппозициянын да, бийликтин карапайым элдин кайгысынын артында эмне жаткандыгына сүңгүп кирүүгө кызыкпагандыгын далилдеп койду деп баалап жатышат. Ал тууралуу саясат талдоочу Турат Акимов:

-Бул жерде адилеттик жок экендигин белгилесек болот. Ар бир күч өзүнө пайда алып калышка аракет кылып жатат.

Турат Акимовдун баамында, бийлик район акимин кызматтан алгандан ордуна тартип коргоо орган кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу бышып жетилгендигине ынанышы зарыл:

-Албетте, ички иштер бөлүмдөрү, прокуратура өз кызмат, милдеттерине кайдыгер карап, башка максаттар менен алек болуп жүргөндүгүн көрсөтүп койду.

Президент Курманбек Бакиев бул окуя боюнча Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев менен Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алып, “күнөөнү кыжырданган адамдарга эмес, акыйкаттыкты орнотууга көңүлкош мамиле жасап, кылмыш ишин жашырып-жабууга аракет кылган мерез чиновниктерге коюу керек” деп билдирди.

БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев мамлекет башчы бул жолу адилет баа берген менен анын аракетин бийликтин башка бутагындагылар жокко чыгарып жатат, ошондуктан коомдо мыйзамсыздык, өзүм билемдик күч алып жатат деп билдирди:

-Бийлик башындагы президент бирди айтат, ал эми Ички иштер министри М.Конгантиев теңирден тескери айтып жатпайбы. Демек, бийликтин оң колу жасаганды сол колу билбейт.

Топчубек Тургуналиев ушундан улам өз кемтигин оппозицияга оодарып, бейкүнөө адамдарды камакка алды деп, Ички иштер министрине кылмыш козгоо талабы менен сотко кайрылуу чечимин БЭКтин саясий бюросу кабыл алгандыгын билдирди.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов:

-Эми буга эч кандай негиз жок. Алар оюна келгенди айтып жатышат болуш керек. Маалыматты толук анализдеп туруп анан айтыш керек да!-деп оппозицияны жөн жерден доомат артып жатат деп кинеледи.

Эки тарап бири-бирине доомат артып отурганда, кылмыштын бети ачылбай калышына шарт түзүлөбү деген кооптонуу болсо коомдо күч.

Ушундан улам Акыйкатчы Турсунбек Акун саясатчыларды камакка алып, элдин нааразылыгын ого бетер күчөтпөй, көйгөйдүн чыгышына өбөлгө түзгөн жагдайларды кылдат иликтеп, анын тамырын жоюу чарасын көрүү зарыл деген ойдо:

-Бул жерде бир жактуу оппозицияны күнөөлөө же камакка алуунун эч кандай кереги жок болчу. Анткени бул ишти татаалдантканга гана алып барат. Кызды зордуктады деген адамга каршы эмне үчүн чара көрүлгөн эмес деп, ошол кылмыш ишин иликтеш керек. Аны саясатка аралаштыруунун эч кажети жок. Ички иштер министри болсо бул иш Арашандагы курултайдан башталган деп айтып жиберди. Буга курултайдын кандай тиешеси бар? Азыр бир гана кылмыш ишин тергеш керек.

Азыр окуяны иликтеп, баа берүү үчүн “Ак жол” фракциясы өз депутаттык комиссиясын, Акыйкатчы өз комиссиясын түзгөн жатат. Петровкалыктар коомдук комитетин түзүп, өзүнчө иликтөө жүргүзүүдө. Бирок алар “улут аралык жаңжал уюштурду” деген кине менен камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнүн күнөөсү бар же жогун адилет салмактай алаар албасы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG