Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

“Боинг-737” учагы боюнча техникалык экспертиза тыянагын чыгарды


2008-жылдын 24-августунда Бишкекте "Боинг-737" учагынын кыйрашына экипаждын учак эрежелерин одоно бузгандыгы түрткү болгон. Мамлекеттер аралык авиация комитетинин акыркы бүтүмүнө таянган башкы прокуратура бүгүн ушундай маалымат таратты. Маалыматка караганда комитеттин тыянагы боюнча Москвада учкучтук-техникалык комплекстүү экспертиза жүргүзүлө баштады. Анын соңунан күнөөлүүлөрдү жоопкерчилигин, кылмыш иштерин сотко ашыруу маселелери чечилет деп билдирди башкы прокуратура. "Итэк Эйр" компаниясына таандык "Боинг-737" учагынын кыйрашынан 66 киши мерт болгон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG