Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Чочко тумоосу эпидемияга айланып кетиши мүмкүндүгү айтылууда


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, чочко тумоосун токтотууга дүйнө коомчулугунун чамасы жетет, бирок ар бир өлкө бул коркунучтуу оору өз аймагында эпидемиялык мүнөзгө ээ болбоосу үчүн даяр болуусу керек. Уюмдун генералдык директорунун орун басары Кейжи Фукуданын айтымында, учурда чочко тумоосу эпидемиянын алты балдык көрсөткүчү боюнча үчүнчү баскычтан төртүнчү баскычка көтөрүлдү. Демек бул вирус жараткан коркунуч да өсүүдө. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму элдерди чет элдик иш-сапарларын токтото турууга үндөп жатышат. Мексикада чыккан чочко тумоосу ушул тапта 150 чамалуу адамдын өмүрүн алып кетти. Учурда АКШ, Канада, Британия, Испания, Израиль жана Жаңы Зеландияда бул вируска чалдыккан 73 адам катталганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG