28-апрелде Алма-Ата шаарында Аралды сактап калуу боюнча эл аралык кору уюштурган саммитин алкагында өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ортосунда эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Кездешүү учурунда мамлекет башчылары эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана чыңдоо маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)