Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

БЭК Ички иштер министрин сотко берет


Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо органынын өз кемчилигин оппозицияга оодарып, жалаа жапканы үчүн Ички иштер министрине кылмыш козгоо талабы менен сотко кайрылуу чечимин БЭКтин саясий бюросу кабыл алды. 27-апрелде Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Петровкадагы окуя оппозициянын Арашандагы курултайынан башталган деп парламенттин Коргонуу жана коопсуздук комитетинде биилдирип, Улуттук телеканал аркылуу жарыя кылган. Министр Петровка айылындагы 4 жаштагы кыздын зордукталышын жокко чыгарган. 28-апрелде сотук-медициналык экспертиза төрт жашар кыздан зордукталгандыгын тастыктап, андан жыныстык оору табылгандыгын аныктаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG