Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Петровка айылындагы “Жердештер” коомунун өкүлү депутаттарга маалымат берди


29-апрелде “Ак жол” фракциясынын жыйынында Петровка айылындагы окуя боюнча ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев, “Жердештер” коомунун өкүлү жана Чүй облусунун губернатору Болот Кумаров маалымат берди. “Жердештер” коомунун өкүлүнүн айтымында, 7-апрелде төрт жаштагы Настя зордукталып, андан кийин анын чоң энеси асылып өлгөн. Бул окуя боюнча арыздарды жергиликтүү милиция, бийлик өз убагында иликтеген эмес. “Жердештер” коому Настянын чоң энесинин сөөгүн кайра казып алып, анын өлүмүнүн себебин аныктоону, ал эми кызды зордуктоого тиешеси бар күрттөрдүн үй-бүлөсүн көчүрүп кетирүү талабын коюшууда.
Ал эми ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев Петровкадагы окуяда 6 автоунаа, 15 үй зыянга учураганын, милициянын аракети менен массалык баш-аламандык токтотулганын билдирди.Исаевдин маалыматы боюнча, Настя зордукталды деген маалымат тастыкталган эмес. Текшерүү анын кыздык белгиси бузулбаганын аныктаган. Бирок ага карата сексуалдык аракеттер жасалып, венерикалык оорулар жуктурулган. Бул кылмышка тиешеси бар Абдулланы болсо жергиликтүү эл милицияга кармап берген. Аны милиция кармаган эмес. Тергөө иштери уланып жатат.
"Ак жол" фракциясы жыйынын соңунда Петровкадагы окуяны, андагы тартип коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин иш аракетин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү чечти. (AiT)

XS
SM
MD
LG