Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

БЭК абактагыларды бошотуу талабын койду


Бириккен Элдик Кыймылдын саясий кеңеши УКМКнын абагында кармалып турган Э.Бүлекбаев, С.Аргымбаев, У.Рыскулов, Т.Мадылбеков, Н.Талканбаев жана аларга кошуп Аликбек Жекшенкуловду бир күндүн ичинде бошотуу талабын бийликке койду. Эгерде ал талап аткарылбаса 1-майдан тарта Москва жана Ысык-Ата райондорунда мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталат. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Белгилүү болгондой Бүлекбаев баш болгон беш киши Петровка айылындагы окуяга байланыштуу кармалган. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов тапанчасына байланыштуу айыпталып, тергөө бүткөнчө УКМКнын абагында кармоо чечимин сот кабыл алган.(AiT)

XS
SM
MD
LG