Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Нарында борбордук көчөнү Бишкек-Торугарт жолунун дирекциясына өткөрүп берүү демилгеси көтөрүлдү


Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов билдирди. 21 чакырым узундуктагы Нарын шаарынын борбордук көчөсү аркылуу Кытайдын оор жүк ташууучу автоунаалары өткөндүктөн жол бузулууда. Жол оңдоого тиешелүү техникалар жок болгондуктан, аны тейлөө шаар бийлигине ыңгайсыз. Бул боюнча унаа жана коммуникация министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эскерте кетчү жагдай акыркы жыйырма жылга чукул аралыкта Нарын шаарынын борбордук көчөсү толук капиталдык ремонттон өтө элек. (JI)

XS
SM
MD
LG