Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Бүгүн “Ак жол”фракциясы Петровка окуясын парламентке алып чыгат


Аталган фракция кечеги жыйынында Москва районунун Петровка айлында болгон кылмыштуу окуяга байланыштуу маселени карап, бул окуяны иликтөө боюнча 7 адамдан турган депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алып, бүгүн парламент отурумуна сунуштамакчы. Депутат Раиса Сидоренко Петровка айлында болуп өткөн окуя менен жеринде барып таанышып келгендигин кабарлады. Анын айтымында, төрт жашар кичине кыз зордукталган кылмыш иши боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлбөгөндүгүнөн улам элдин нааразылыгы келип чыккан. Коргонуу, коопсуздук жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин жетекчиси Лейла Сыдыкова укук коргоо органдарынын дарегине сын айтуу менен, кылмыштын кесепети менен күрөшүү эмес, анын алдын алуу чараларын көрүү зарыл экендигин белгилеп, депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG