Пакистан куралдуу күчтөрү Бунер өрөөнүндөгү террорчуларга каршы иш-чарасы учурунда 50 талип согушчанын жок кылышты. Ырасмий Исламабаддын билдирүүсүнө караганда, иш-чара учурунда пакистандык бир аскер набыт болду. Буга чейин Пакистан куралдуу күчтөрү Бунер вилаятынын башкы шаары болгон Даггарды көзөмөлгө алышканын билдиришкен. Даггар шаары ага чейин талиптердин көзөмөлүндө болуп келген.