Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Бакуда ЖОЖ имараты ичинде атылган октон он үч адам каза тапты


Окуя Азербайжан башкааласындагы Мунай академиясынын имаратында болду. “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун Бакудагы кабарчысы Маариф Акберли окуя болгон жерден билдиргенине караганда, ок аткан адам бул окуу жайдын студенти эмес экен. Ал коңшу Грузиянын Марнеули чөлкөмүнүн азери улутундагы тургуну экени айтылууда. Күбөлөрдүн айтымында, ал имаратка кирип келип, кээ бир студенттер менен талашып-тартышкан соң тапанчадан ок чыгарган. Бакунун полиция башчысынын орун басары студенттерге ок аткан адамдын өзү да өлтүрүлгөнүн билдирди. Тергөөчүлөр билдиргендей, окуя учурунда ок жеп каза тапкан 13 адамдан тышкары, 10 адам жаракат алган. Кабарларга караганда, жабыр тарткандар арасында чет өлкөлүк, көбүнесе африкалык студенттер да бар.

XS
SM
MD
LG