Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

НАТО орусиялык эки дипломатты тыңчылык жаңжалдан улам чыгарууда


Британдык “Financial Times” гезити жарыялаган маалыматка караганда, Брюсселден чыгарылып жаткан дипломаттар тыңчы катары шектелүүдө. НАТО аларды уюмга мүчө Эстониянын бир расмий өкүлү тартылган тыңчылык жаңжалга байланыштуу чыгаруу чечимин кабыл алган. Эстониянын соту быйыл февралда Херман Симм ысымдуу мамлекеттик кызматкерди НАТОго тиешелүү жана башка жашыруун маалыматтарды Орусияга берди деген айып менен соттогон эле. Орусия тарап азырынча Financial Times” басылмасындагы бүгүнкү маалыматты комментарийлей элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG