Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Британия Ирактагы аскерий операциясын аяктады


Бул тууралуу бүгүн Лондондо Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң британ өкмөт башчысы Гордон Браун жарыялады. Аскерий операциянын аяктагандыгы жөнүндөгү жарыя британ күчтөрүнүн акыркы бөлүгү алты жылдан соң Ирактан чыгып кетүүгө даярданып жаткан учурга туш келди. Британиянын 3700 жоокери Ирактан май айынын соңуна чейин кетүүсү керек.

Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында бүгүн ушул аймактагы аскерий операциялар учурунда курман болгон 179 британ аскерин эскерүү жөрөлгөсү өттү. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн Лондондо инвестициялык конференцияга катышууда. Конференцияга 250дөй компаниянын өкүлдөрү келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG