Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Чоң-Алайда медициналык тейлөөнүн начардыгына нааразы болуп жатышат


Президент К. Бакиевге жолдогон катында Чоң-Алай районун 500 чакты тургуну саламаттыкты сактоо министрине нааразылык билдиришкен. Себеби кичинекей аймактагы медицина мекемесин мурунку аким райондук оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу деп экиге бөлүп таштагындыктан, алар бири-бирин укпай, элди сапаттуу тейлебей, тескерисинче, оорулардын көбөйүшүнө гана алып келген. Чоң-Алай районунун акими Мукаш Каримбеков калктын талабы туура деп белгилеп, жакын арада эки мекеме бириктирилип, башкы дарыгери сынактык негизде дайындалаарын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG