Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Петровкадан күрттөрдүн баарын кууп жатышат


Бүгүн Петровкада кайрадан эл нааразылык акциясына чыгып, бийликке үч талап койду. Талап аткарылбаса, 10-майдан тарта кайрадан жалпы райондук масштабда митинг өткөрүү чечимин кабыл алышты. Ысык- Ата районунда дагы бир топ адам митингге чыгып, Петровкадагы элдин талаптарын колдоого алышты.

Бүгүн Петровка айылына чогулган эл менен ЖК депутаттары жана оппозиция лидерлери жолугушту. Митинг учурунда Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Петровка окуясы боюнча түзүлгөн комиссияга кирүүдөн баш тарткандыгын жарыя кылышты. Чогулгандар болсо “Ак жол” фракциясынан келген депутаттарга ишеним көрсөтпөй, сөз да сүйлөтпөй коюшту.

Петровкадагы окуядан кийин Москва районуна аким болуп шайланган Кубанычбек Сыйданов элге төмөндөгүдөй маалымат берди:

- Азыркы күндө күрт улутундагы үч адам камакта олтурат. Алардын бири 26-апрель күнү башаламандыкты уюштурган жана экинчиси башаламандык учурунда ок атканы үчүн кармалып турат. Азыр орустар да, кыргыздар да күрт улутундагы тургундар айылдагы тынчтыкты кетирди деп жатышат, мен буга 100% кошулам. Убагында чара көрүлгөн эмес. Бирок баары мыйзамга ылайык жооп бериши шарт. Алар бүгүн нааразыланган элдин пикирин угуш керек, мен ошону үчүн алып келдим.

Бүгүн район акими К. Сыйдановдун чакыруусу менен Петровканын күрт улутундагы аксакалдары чогулгандардын алдына келип, “Биз эч нерсеге күнөөлүү эмеспиз, биздин туулуп өскөн жерибиз ушул, кайсыл жакка кетмек элек”, деп сүйлөштү.

Митингдин катышуучулары алардын сөзүн уккан жок. Соңунда чогулгандар бийлик айылдагы жүрүш- турушу начар деп бааланган 50 гана үй бүлөнү эмес, 110 үй бүлөнү толугу менен үч күндүн ичинде айылдан көчүрсүн деген чечимди кабыл алышты.

Ошондой эле Петровкадагы окуянын уюштуруучулары катары камакта олтурган үч адамды бүгүн тезинен бошотуп, зордуктоо, ок атуу фактыларын адилет тергөө жүрбөсө, 10-майдан тарта район боюнча мөөнөтсүз митингдерди баштайбыз деп эскертишти.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Ольга Ещенконун төрт жаштагы небересин зордуктоо жөнүндөгү арызын териштирүүдө мыйзамды бурмалоого жол бергени үчүн жана мыкаачылык менен өлтүрүлгөн О.Ещенконун сөөгү табылган фактысы боюнча Москва райондук милиция кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду.

Бул иштерди тергөө Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгына жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG