Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

“Ак жолдун” курултайына Кытай, Тажикстандын өкүлдөрү катышат


Жогорку Кеңештин төрага орун басары Чолпон Баекова баштаган “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү 30-апрелде Кытай, Тажикстандан аталган партиянын курултайына катышуу үчүн келген делегаттар менен жолугушту. Анда Ч. Баеков кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, соңку убакта партиялар аралык кызматташуу кеңейип жатканын белгиледи. “Ак жол” партиясынан кабарлангандай, Кытайдын Коммунисттик партиясы жана Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясы менен парламент аралык кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюду. Ушундай эле макулдашуу бүгүн түштөн кийин Орусиядагы бийликчил “Единая Россия” партиясы жана жакынкы убакта Казакстандагы президенттин “Нур Отан” партиясы менен түзүлөт, деп белгиленип жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG