Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

С. Громов: Каржы каатчылыгында саясий партиялардын ролу өсөт


Казакстандагы бийликчил “Нур Отан” партиясынын катчысы Сергей Громов мындай пикирин, бүгүн “Ак жол” партиясынын курултайында билдирди. Кыргызстандын бийликчил партиясы эки өлкөнүн партия аралык кызматташууcун мындан ары да чыңдоого салым кошооруна үмүтүн айтты. Кытайдын коммунисттик партиясынан келген өкүл Цянь Найчен Кытай төрагасы Ху Цзиньтаонун салам дубасын жеткирди. Андан кийин сөз алган Орусиядагы “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү Константин Косачев, меймандостук, кыргыз-орус алакаларынын жакшы нукта өнүгүп жатканы үчүн ыраазчылык билдирди. Орус тилинин Кыргызстанда колдоого алынышына рахматын айтты. Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясынын төрага орун басары эки өлкөнүн алака-катышы Кыргызстан менен Тажикстандын кызыкчылыгына төп келерин баса белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG