Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

“Ак жол” партиясы түзүмүнө өзгөртүү киргизди


“Ак жол” партиясы бүгүнкү курултайында түзүмүнө өзгөртүү киргизип, саясий кеңеш мүчөлөрүнүн санын отуз бештен он бешке кыскартты. Андан тышкары координациялык кеңешин жоюп, төраганын биринчи орун басарлык кызмат ордун түзүп, текшерүү комиссиясын уюштурду. Төрагасынын биринчи орун басарлыгына Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев шайланды. Бирок ал депутаттык мандатынан баш тартпай, партиялык ишке жооп бере тургандыгын билдирди. Ал эми саясий кеңештин курамына борбордук жетекчи органдын жана облустук, шаардык комитеттеринин төрагалары киргизилди. Партия кабыл алган дагы бир жаңылык –саясий кеңеш төрт добуш менен парламенттеги “Ак жол” фракциясындагы депутаттарын алмаштырууга укук алды. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG