Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

“ЭрК” партиясы 3-майда курултайын өткөрбөйт


Бул тууралуу “Азатыкка” партиянын төрагасы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, буга өзүнүн Кыргызстандын Малазиядагы элчилигине көрсөтүлгөндүгүнө жана партияда президенттик шайлоого катышуу боюнча ар кандай пикир болуп жаткандыгы себеп болду. Партия мүчөлөрү президенттикке талапкер болуп Турсунбай Бакир уулу өзү чыкпаса партиянын башка өкүлүн тандоону талап кылып жатышат. Андан тышкары партия төрагасын саясий кеңеш шайлоого тийиш. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, бул маселелер жергиликтүү уюм жетекчилери менен талкуудан кийин чечилет. (BD)

XS
SM
MD
LG