Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

И.Масалиев: Президенттик шайлоо калыс болот деген ишеним жок


Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев мындай пикирин “Азаттыкка” партиянын 2-майда боло турган курултайында президенттик шайлоого катышуу маселесинин каралышына байланыштуу билдирди. Анын айтымында, добуштарды бурмалоого бийлик көрсөтмө бербесе деле бийликке же бирөөгө жакшы көрүнгүсү келген жергиликтүү бийлик менен комиссия өкүлдөрү бурмалашы көнүмүш көрүнүш. Эртең Кыргызстан Коммунисттер партиясынын кезектеги курултайы болот жана анда партиянын президенттик шайлоого катышуу маселеси талкууланат. Коммунисттер партиясы президенттик шайлоого катышуу ниетин мурда билдирген эмес, бирок ал маселе курултайда көпчүлүктүн талкуусу менен чечилээрин Исхак Масалиев кабарлады. И.Масалиевдин билдирүүсү боюнча, учурда партиянын 20 миңге чукул мүчөсу бар жана эртеңки курултайга алардын бир миңге жакын өкүлү катышат.(BD)

XS
SM
MD
LG