Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстан БУУнун комиссиясынын жетекчилигине тандалды


Кыргызстан БУУнун Европалык экономикалык комиссиясына вице-төрагалык кылат. Мындай чечим аталган комиссиянын Женева шаарында өткөн 63-сессиясында кабыл алынды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Маалыматка караганда, алдыдагы эки жылда комиссияга Бельгия төрагалык кылат. Комиссиянын жобосу боюнча төрага жана анын орун басарлары болгон мамлекеттер аткаруу комитетинин жетекчиси да болуп калат. Кыргызстан мындай эл аралык комиссиянын жетекчилигине Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп тандалды жана ал эл аралык коомчулуктун ишеним бергени катары бааланып жатат.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG