Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

Коммунисттер курултай өткөрүп жатат


Кыргызстан Коммунисттер партиясы бүгүн кезектеги курултайын өткөрүп, президенттик шайлоого катышуу маселесин талкуулап жатат. Ага катышып жаткан жүздөн ашуун делегат өлкөнүн азыркы саясий-экономикалык абалы жана партиянын мындан аркы милдеттери тууралуу көз караштарын билдирип жатышат. Президенттикке партиянын өз талапкерин көрсөтүү маселеси азырынча карала элек, бирок делегаттар шайлоодо "Ак жол" партиясынан талапкерликке көрсөтүлгөн Курманбек Бакиевди колдоо тууралуу сунуш киргизишти. Мындай сунушка делегат Сергей Кожемяко каршы болуп, эгер бийликчил партия талапкерин коммунисттер колдосо өз баркын жоготуп, коомдогу салмагын жоготот деп билдирди.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG