Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Петровка жаңжалы: күнөө кимде?


26-апрелдеги Петровка жаңжалы апта бою коомчулуктун назарын бурган башкы окуя болду. Окуянын себептери ар кыл өңүттө талкууланып, бир катар комиссиялар түзүлдү. Бул аралыкта Петровкада чыккан жаңжалдын себеп-жайы бүйүр кызыткан талкууларды жаратууда.

Кылмыш кодексинин улут арасына от жагуу, тартипсиздик уюштуруу беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде учурда Коопсуздук комитетинин камагында беш киши отурат. Булар - “Добуш” бейөкмөт уюмунун башчысы Сапар Аргымбаев, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Турат Мадылбеков, Петровка айылынын тургундары Норузбек Толгонбаев жана Уран Рыскулов. Саясий жана жарандык бул активисттер Петровкадагы жаңжалды уюштурууга катышты деген шек менен тергелүүдө.

26-апрелдеги Петровка жаңжалында кыргыз, орус, карачай улутундагы жергиликтүү тургундар ушул эле айылдагы күрт тургундардан айылдан чыгып кетишин талап кылып, алардын ондон ашык үйүн талкалап, төрт автоунааны көңтөрүп, бир автоунааны өрттөп жиберишкен. Эртеси камактагыларды бошотуу талабын койгон петровкалыктар Бишкек-Ош автожолун тосушкан.

Жаңжалдын чыгышына 4 жашар орус кыздын бир күрт тарабынан зордукталып, кыздын 44 жаштагы таэнесинин муунуп өлүшү себеп болгон. Ички иштер министринин орун басары Сабыр Курманалиевдин журналисттерге билдиргенине караганда “кыз чоң энеси менен жашап жүргөн. Өз энеси эпилепсия менен ооруйт экен. Кызын карай албайт, колунда жок, начар жашаган бүлө экен”.

Үрөй учурган бул кылмыштуу окуянын чыгып, анын улут аралык жаңжалга чейин жетишине биринчи кезекте тартип коргоо кызматы күнөөлөнүүдө. Жергиликтүүлөр кылмыштын көз жаздымда калышын милициянын жемкордугу менен негиздеп жатышат. Жергиликтүү милиция болсо таэне арыз берген эмес деп, оперативдүү иликтөө жүргөнүн айтат. Анткен менен кылмыш апрелдин башында катталганы менен, күнөөлүү саналган адам Петровка жаңжалынан кийин араң камакка алынды.

Башкы прокуратура кылмышка көмөкчү болгон, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп милициянын жооптуу кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду, дагы бир кылмыш иши кыздын таэнеси, 44 жаштагы Ещенконун өлүмү боюнча козголду. Президенттин киришүүсү менен Москва районунун акими, прокурору, райондук милициянын башчысы иштеринен алынды.

Болору болуп, боесу кангандан кийин көрүлүп жаткан мындай чараларды биринчи кезекте саясий оппозиция кескин сынга алып жатат. Көпчүлүк бул жалгыз-жарым факт эмес, системага айланган коомдун илдети деп, бийликти элдин коопсуздугун, кылмыштуулукка каршы күрөштү ойлобой калганын айтууда. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин петровкалыктар менен жолугушуу учурунда айтканына караганда тартип коргоо кызматтары оппозицияны аңдууну башкы милдети деп түшүнүп калды:

- Булар Сокулукка Сариев келдиби, Атамбаев келдиби деп аңдышат. Ар бир планерканы кайсы оппозициячы келди, ким бийликке каршы сүйлөдү деп баштайт. Эч качан алар кылмыштуулукту азайталы, элдин мүдөөсүн аткаралы дешпейт. Ошон үчүн бийликтин отура турган жери ушу болчу. Мындай жергиликтүү чоң-кичине чатактар көп болот. Бийлик ойлонушу керек.

Жарандык лидерлер төрт жашар кыздын айланасындагы окуя тартип коргоо системасы коррупцияга кан-жаны менен баткандыгын дагы бир ирет далилдеди деп, милициядагы жоопкерсиздикке каршы күрөшүүгө коомчулукту чакырууда. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчиликке тартуу керек дейт. Мындай пикирин укук коргоочу Петровка окуясы боюнча Бишкекте уюштурулган маалымат жыйынында президентке жана президентке кайрылып жатып билдирди:

- Мырза Конгантиев бүгүн элден кечирим сурап, министрлик портфелиңизди коюп коюшуңуз керек. Кечээ телекөрсөтүүдө бир орустун кызын ушинтип койду деп эле кыргыздар чуркаганы болобу деп кызарбай туруп айттыңыз. Бул эмне деген сөз. Мындан кийин, урматтуу президент, мындай министрдин иштегенге акысы жок. Бул мамлекеттин аброюн түшүргөн нерсе.

Петровкалыктарга жолукканы барган социал-демократчы депутат Жусупжан Жээнбеков өз сөзүндө Ички иштер министри эле эмес, Коопсуздук комитетинин башчысы да кетиши керек деди:

- Алар кызматтан кетиши керек. Алар түздөн-түз президентке баш ийишет. Президент аларды коргоп атат. Ошон үчүн алар эркин сезип, “жылдыз”(жаңы чен) алып атышат.

Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетишин петровкалыктар бийликке койгон талаптарына киргизди. Мындай талапты Бириккен оппозиция да коюп, министр Конгантиевди сотко берерин жарыялады. БЭКтин мындай чечимге келишине министрдин Петровка жаңжалына оппозициянын тиешеси бар экендиги тууралуу интервьюлары негиз берүүдө. Министрдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов министрдин айткандарын тереңирээк талдабай туруп, оппозиция туш келди билдирүү жасап жатат деген ойдо.

Конгантиевдин дооматын кийинчерээк Турсунбек Акун да сындап, расмий кайрылуу жолдоду:

- Ойлонуш керек да. Эл айылдык жыйынды өткөрүүгө мажбур болуп атат. Милиция карабаса, прокуратура тергебесе. Бул жерде оппозициянын кандай тиешеси бар. Конгантиевге мен расмий эскертип кат жиберип атам. Кылмыш иши козголду. Улуттар арасына от жагуу деп. Оңду-солду сүйлөбөш керек да азыр тергөө жүрүп атканда.

Анткен менен окуяны курчутканга кызыкдар болуп жатат деген дооматтарды оппозицияга жеке эле милиция башчысы, бийликтин башка өкүлдөрү да артышты:

- Бөлөкбаев кыйкырып, накта саясий багытта сүйлөп атты. Алар элди жоошутуп, компромистүү жол табууга чакырбай, тескерисинче жөө жүрүш жасайбыз, бийликке барабыз дешип, президенттин атын атап, бизди да, Попов менен мени мазакташты, - деди “Азаттыкка” 28-апрелдеги митинг учурунда Петровкада болгон “акжолчу” депутат Раиса Сидоренко.

Ал эми Чүй облусунун губернатору Болот Кумаров Петровкадагы эки күн катары менен өткөн нааразылык акциясына оппозиция тыштан кишилерди ташып келди деди:

- Уюштурулган акция болуп атат. Сураштырсак ар бир бешинчиси петровкалыктар. Калганы көлдөн, Нарындан, Карабалтадан, башка райондордон келгендер... Тигилер саясатташтырып, президент, министр жөнүндө айтып атышат. Кечинде тараганда карасак “бусикке” түшүп кетип атышат.

“Азаттыкка” берген интервьюсунда күрттөр ассоциациясынын башчысы Рамазан Сейидов да оппозицияга ушундай доомат артты:

- Мен муну оппозиция тарабынан уюштурулган накта провокация деп эсептейм. Анткени алдыда президенттик шайлоо болот. Алар бул окуяны пайдаланып өлкөдө улуттар аралык жанжал чыгаргысы келип жатат. Биз бир нече күндөн бери бул окуяны талдап ушундай тыянакка келдик. Чатактын баары 6-апрелде улуту боюнча күрт жигит кичинекей кызды зордуктап койду деген маалыматтан башталды да. Биз эки экспертиза жүргүздүк, анда зордуктоо фактысы такталган жок. Бирок жергиликтүү милиция зордуктоо болгон деп билдирди.

Оппозиция лидерлери жана жарандык коом башчылары мындай дооматтарды бийлик атайылап уюштуруп жатат деп, бийликтин милициянын айыбын бөксөртүү, жоопкерчиликтен алаксытуу, президенттик шайлоо алдында оппозициялык лидерлерди жаманаттылоо максаты менен байланыштырууда.

Оппозициялык лидерлердин бири, СДП фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева Петровка жолугушууларында бийликтин дооматын кескин четке кагып, оппозиция бийликтен айырмаланып, бардык кыйынчылыктарда элге жакын жүрөрүн айтты.

Оппозиция Петровка жаңжалы боюнча камалган беш кишини бошотууну талап кылууда. Мындай талап коюлган акция менен чыгууга петровкалыктар да камданып жаткандыгы айтылууда.

Петровкалыктардын талаптарынын арасында жергиликтүү күрттөрдү айылдан чыгаруу талабы да бар. Бул аралыкта күрттөрдүн, кыргыздардын айыл аксакалдары менен жергиликтүү бийлик биргелешип, айылдын талабына ылайык көчүрүлө турган күрттөрдүн тизмесин тактап жаткандыгы маалымдалууда. Петровкада жалпысынан 120 күрт бүлөсү жашайт. Петровка жаңжалынын чечилишин азыр Москва районунда түзүлгөн коомдук комиссия көзөмөлдөп жатат.



  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG