Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:22

Бишкекте астма борбору ачылат


Борбор 5-май астма менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата 6-майда ачылат. Кыргызстанда астма менен ооруган сегиз жарым миң адам расмий каттоого алынган. Дарыгерлер иш жүзүндө оорулуулардын саны мындан бир нече эсе көп, алар өз ден соолугуна көңүл буруп, каттоого турбагандыктан так саны белгисиз деп жатышат. Ошондуктан астма борборлорду Бишкекте жана облустарда ачып, сыркоолорду аныктоо максаты алдыга коюлуп жатат. Бул иш-чарага Финляндиянын "2007-2009-жылдарда Кыргызстанда өпкө ооруларына каршы күрөшүп, саламаттыкты чыңдоо" долбоору колдоо көрсөтөт.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG