Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Коммунисттер шайлоодо К.Бакиевдин талапкерлигин колдойт


Мындай чечим Кыргызстан Коммунисттер партиясынын бүгүнкү курултайында кабыл алынды. Бакиевди колдоо сунушуна азыркы президенттин талапкерлигин коммунисттер колдосо партия өз кадыр-баркын жоготуп, коомдогу салмагынан ажырайт деген каршы пикирлер да айтылды. Ага жооп берген партия лидери Исхак Масалиев "эгер партия Бакиевдин талапкерлигин колдобосо коммунисттердин кадыр-баркы гана эмес партиянын өзүн да жоготуп алышы мүмкүн" экендигин билдирди. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров бул чечим тууралуу "Азаттыкка" коммунисттер президент К.Бакиевдин талапкерлигин колдоого милдеттүү, себеби бул партиянын жашоосуна азыркы бийлик шарт түзүп, парламенттен орун берген деп билдирди. Анын айтымында, Апсамат Масалиев каза болгондон кийин Коммунисттер партиясы өз принцибинен тайып, бийликтин сөзүн сүйлөгөн партияга айланган жана ага Апсамат Масалиев менчиктештирүүгө каршы болуп келген стратегиялык маанилүү жайларды сатууга Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын макул деп добуш бергени ачык далил.(BD)

XS
SM
MD
LG