Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Коммунисттер М.Эшимкановдун кечирим суроосун талап кылышууда


Мындай талап Коммунисттер партиясынын делегаттары бүгүнкү курултайында коюшту. Ага 1-майда Коммунисттер партиясы тууралуу Улуттук телеканал аркылуу берилген маалымат түрткү берди. Коммунисттердин айтымында, Улуттук телеканал коммунисттер эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата уюштурулган жөө жүрүш, митинг, концерттерин көрбөй уктап жатат деп жалган маалымат берип, партиянын аброюна шек келтирген. Ошон үчүн делегаттар УТРКнын башкы директору М.Эшимканов коммунисттерден кечирим сурасын, эгер аны аткарбаса кызматынан кетсин деген талаптарды коюшту. Кыргызстандагы коммунисттик эки партиянын мүчөлөрү кечээ "Ленинге даңк!", "Революциянын баатырларына даңк!" деген ураандар жазылган плакаттары менен В.И.Лениндин эстелигинин жанында чогулуш өткөрүп, "Революциянын баатырларына" коюлган эстеликке чейин жүрүш жасап, концерт беришкен.(BD)

XS
SM
MD
LG