Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Ысык-Көлдө сууга чөккөндөрдү сактап калуу кызматы көйгөй боюнча турат


Жайкы сезондо ар бир пансионат куткаруучулар менен камсыз болгон менен алар сууга чөккөндөрдү сактап кала албай келет. 2007-жылы 22, 2008-жылы 18дей адам сууга чөгүп каза болгон. Өткөн жылдары Казакстан жана Норвегиядан келген эс алуучулар чөгүп кеткенде, алардын сөөгүн кыргызстандык куткаруучулар бир жума бою таба албай, казакстандык адистер алып чыккан. Эс алуучулардын бул коопсуздугу боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Чолпон-Ата шаарында водолаздар менен куткаруучуларды даярдоочу мектеп түзүлүп атканын маалымдады. Министрдин айтуусунда, пансионаттардагы куткаруучулар эс алуучуларды эмес, өздөрүн сактоого тажрыйбасы жетишпегендиктен кайра окутуудан өтөт. Бирок жаңы түзүлүп аткан куткаруучулардын мектеби –адистерди быйылкы сезонго даярдап бүтөөрү белгисиз. (RB)

XS
SM
MD
LG