Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Азия өлкөлөрү экспортко эмес ички талапка көбүрөөк көңүл бурууга тийиш


Япониянын финансы министри Каору Йосано Азия Өнүгүү банкынын жылдык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ушинтип билдирди. Йосано Азия өкмөттөрү элдин ишенимине ээ болуу жана экономикалык кризистин калкка тийгизген терс таасирин азайтыш үчүн социалдык коргоого сарпталган каражатты көбөйтүш керек деп белгиледи. Азия Өнүгүү банкынын божомолуна ылайык, глобалдык кризис улана берсе, эмки жылга чейин 160 миллиондой киши жакырчылыкка батышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG