Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Борбор Азияда суу санаасы жана Кавказдагы кырдаал батыштык басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурууда.

Institute for War & Peace Reporting аттуу интернет баракчада чыккан макалада өткөн аптада Алматы калаасында болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин суу маселеси боюнча саммитине сереп салынып, саммит аймакта жаңы ГЭСтердин курулушу тууралуу терс пикирлер жоюлар бекен деген үмүттөрдү актай албаганы баяндалган.

Президенттердин Алматыда чогулуусунун себеби өздөрү мүчө болгон Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фондунун кезектеги жыйынына катышып, Арал деңизинин маселелерин талкулоо болгону менен, анда аймактын суу-энергетика проблемалары да талкууланганы билдирилген макалада, Кыргызстан менен Тажикстандын, Сыр дарыя жана Амур дарыянын суу деңгээлин алмаштыруусу мүмкүн жаңы ГЭСтерди куруу планы тууралуу чатактар чечиле албаганы билдирилет.

Анда өзгөчө Өзбекстандын Камбарата жана Рогун ГЭСтеринин курулушуна көшөрүп каршылык билдиргенине көңүл бурулуп, Ташкен өзүнүн күн тартибин алга жылдыруу үчүн суу этегиндеги тиги жумуруяттарды өз тарабына тартууга тырышып келе жатканы баяндалат.

Макалада ошондой эле, “Алматы саммитинде эч бир президент эпке көнбөгөнүнөн алып караганда, аймактын суу-энергетика маселесин чечүү дагы бир топко созула турган сыяктанат. Маселен, президент Ислам Каримов жаңы ГЭСтердин курулушун бекер жумуш катары бааласа, түркмөн лидери Бердимухаммедов суу жана энергетика боюнча түзүлүп калган тең салмак эч кандай бир келишим болбой туруп бузулбаш керек экенин билдирди. Чатакын аркы жагында турган Кыргызстандын лидери Бакиев болсо, өлкөсү этек жактагы өлкөлөргө сууну сактап бергени үчүн коңшулар акы төлөш керектигин, мөңгүлөрдү сакташ үчүн техникалык инфраструктура долбоорлоруна каржы бөлүнүш керектигин баса көрсөтүп, маселени кабыргасынан койду” делинет.

Аталган интернет баракчада чыккан экинчи макалада болсо, “Петровкада болгон окуялар саясий чыр-чатакка айланып баратат” делинет да, 26-апрелде Петровкада жергиликтүү кыргыздар менен орустар көтөрүлүп, 4 жашар бир кызды зордуктаган деп айыпталган бир күрттүн өздөрүнө өткөрүлүп берилиши талап кылнып, күрттөр менен кагылыша кетишкени; 200 киши аралашкан кагылышууда бир нече киши бычакталып, эки киши ачылган октон жарадар болгону, ондогон үйлөр талкаланып көптөгөн унааларга зыян жеткени билдирилет.

Лондондо жарык көрчү Economist журналынын кийинки санында чыккан бир макалада, Армения менен Түркиянын ортосундагы кийинки кайра жарашуу аракетине талдоо жасалган. “Түштүк Кавказда өтө назик бир шахмат оюну жүрүп жатат. Ага катышкандар: Америка, Армения, Азербайжан, Орусия жана Түркия. Шахмат оюнунун тескерисинче, эгерде Түркия менен Армения кайра жарашышса, бул оюнда ар бир тарап жеңген болор эле. Андай деген үмүт 23-апрел күнү Түркия менен Армения мамилелерди тигелтиш жана чегараларды ачуу максатында бир жол картасы үстүнөн келишишкенин жарыялаганда жаралды; бирок ал үмүт, Тоолуу Карабак чатагы себептүү оңунан чыкпады” делинет макалада.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG