Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Депутаттын уулу үчүн кабатырланган акция болбой калды


Бүгүн облустун «Винсовхоз» айылында ЖК депутаты, социал-демократчы Жусупжан Жээнбековдун уулу, 27-сентябрдан бери дайынсыз жок болуп жаткан ишкер Бахтияр Амиражановду коргоо комитети нааразылык жыйынын өткөрмөк. Комитеттин акциясын тынбай жааган жамгыр менен күч уюмдарынын элди чогулушка барбагыла деп үндөгөнү үзгүлтүккө учуратты, деп социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Батырбек Абдразаков. Комитет буга чейин депутат Ж. Жээнбековдун былтыр жоголгон уулу табылбаганына нааразы болуп, ички иштер министри М. Конгантиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган. Жалалабат облустук ички иштер Башкармалыгы комитеттин талабы менен макул эмес. Облустук ИИБ башчысынын 1-орунбасары Мелис Шералиев дайынсыз жоголгон депутат Р. Шаботоев жана Б. Амиражановду издөө иштери тууралуу маалымат берүү үчүн “Винсовхоз” айлына барды.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG