Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Петровкалыктар күрт улутундагы бардык үй- бүлөлөр көчүп кетүүсүн талап кылышууда


Москва районунун акими Кубанычбек Сыйдановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда Петровка айылынан күрт улутундагы беш үй- бүлөө көчүп кетти. Эми дагы күрт улутундагы он беш үй- бүлөө жакынкы аралыкта көчүп кете тургандыктарын айтышкан. Бирок айылдын башка тургундары, “күрт улутундагылар толук айылдан кетпесе, 10-майдан баштап мөөнөтсүз митинге чыгабыз” деп билдиришкен. Жергиликтүү бийлик болсо муну оппозициянын саясий оюндары катары баалап, мындан кийин эч кандай нааразылык акцияларга жол берилбестигин билдиришүүдө. Ал эми райондогу саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын лидерлери 10- майда район боюнча нааразылык акциясы уюштурулуп, негизги талап 26-27- апрелде камалгандарды толук бошотуу боло турганын “Азаттыкка” кабарлашты. (JJ)

XS
SM
MD
LG