Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Талиб согушкерлери Пакистандын Сват өрөөнүндө аскерий кербенге кол салды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы өрөөндө болгон кол салуудан кеминде бир жоокер каза тапты. Мунун алдында эле Пакистан армиясы талиб согушкерлерин эки ортодо жетишилген тынчтык келишимин “одонолук менен бузуп жатканы” үчүн айыптаган эле.

Пакистандын курамына Сват өрөөнү да кирген Түндүк – Батыш чек ара провинциясынын бийликтери талиб согушкерлери менен тынчтык келишимин быйыл февралда түзгөн. Ага ылайык ок атышуулардын токтошу үчүн бийлик өрөөндө шарият мыйзамынын киргизилүүсүнө макул болгон. Батыш өлкөлөрү бул келишимди экстремисттерге багынып бергендик катары баалаган эле. Соңку окуялар ошол келишимдин келечегинен күмөн санатууда.

Сваттагы тынчтык келишими жана Исламабаддын согушкерлер менен күрөшүү аракети АКШ жана Пакистан президенттери Барак Обама менен Асиф Али Зардаринин ушул аптада Вашингтондо өтүүчү жолугушуусунда талкууланары күтүлүүдө. Зардари ошондой эле АКШдан экономикалык жардам, коопсуздук күчтөрүн жабдуу үчүн кошумча каражат сурары да күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG