Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Турсунбек Акун: Петровкадагы кырдаал боюнча Акыйкатчы институтунун комиссиясы иштеп жатат


КР Акыйкатчысы Турсунбек Акундун “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө билдиргени боюнча комиссия жаңжалдын келип чыгуу себебинен тартып, ага байланыштуу окуялардын иликтенүүсүнө көзөмөл кылат. Мындан тышкары Акыйкатчы институту Кыргызстандын башка аймактарында мындай жаңжалдардын алдын алуу максатында да иш алып бармакчы. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү Петровка жаңжалына байланыштуу камакка алынган адамдардын жакындарынан, оппозициялык партиялардан жана укугун коргоп берүүсүн өтүнүп кайрылган күрт улутундагы жарандардын суроо-өтүнүчтөрү боюнча да иш алып барууда.
Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн Петровкадагы орто мектепте өткөн жыйынга катышып келди. Анын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча учурда жергиликтүү элдердин мамилеси мурдагыдан жакшы, бүгүнкү жыйында буга чейин талап кылынып келген күрт улутундагы үй-бүлөлөрдүн айылдан көчүп кетүүсүнө жарым жылга чейин мөөнөт берилди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG