Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

АКШ Иран боюнча араб дүйнөсүн ишендирүүнү көздөйт


Кошмо Штаттардын коргоо министри Роберт Гейтс бүгүн Египетте, эртең Сауд Аравияда болот. Гейтс Вашингтондон Каирге келе жаткан жолдо билдиргендей, ал Египет менен Сауд Аравиянын бийликтерин АКШнын Иранга карата дипломатиялык аракети араб өлкөлөр менен алака-катышка коркунуч туудурбашына ишендирүүнү көздөйт. Гейтс кабарчылар менен маегинде белгилегендей, АКШнын Тегеран менен карым- катнаш орнотуу аракетине карата Жакынкы Чыгышта тынчыздануу бар. Бирок АКШ коргоо министринин айтымында, Вашингтон эгер мурдагыдай эле “муштумун жазбаса”, Иранга карата катаал мамиледе болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG