Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Мектеп мугалимин 70 жолу сайып өлтүргөн кылмышкер кармалды


Ысык-Көл районундагы Семеновка мектебинин орус тил мугалими Лилия Ким 5-апрель түнү өз үйүнөн өлтүрүлгөн. Тергөө органдары 46 жаштагы аялдын денесине 70 жолу бычак сайылганын аныктаган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Э.Эсеналиев мугалимди 19 жаштагы айылдаш баласы өлтүргөнүн, жана ал бардык күнөөнү мойнуна алганын “Азаттыкка” маалымдады. Маалыматка караганда, кылмышкер жалгыз жашаган мугалимдин үйүнө атайын тоноо үчүн кирип, акчаларды алгандан кийин аны карасанатайлык менен өлтүргөн.(RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG