Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Т. Исмаилова: Президентке укук коргоочулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат


Президент Курманбек Бакиев менен эртең боло турган бейөкмөт уюмдардын жолугушуусун социалдык псевдо-институттар менен жолугушуу, деп айтууга толук негиз бар, дейт укук коргоочу, “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча 5-майда боло турган мамлекет башчы менен жолугушууга катыша турган бейөкмөт уюмдарды президенттин алдындагы катчылык бирден иргеп, тандап алды. “Бизге ачык эле президенттин жаңы багыты боюнча макулдугуңарды билдиришиңер керек, адам укугу, гендер маселесин көтөрүүнүн зарылдыгы жок, деп таңуулашты. Биз болсо Бакиев мырзага коомдогу чыныгы фактыларды айтып, түрмөдө мыйзамсыз отургандарды бошотуу, оор абалдагы Ноокат окуясын, майда улуттардын укуктарын, сөз эркиндиктеринин чектелүүсү боюнча айтабыз дегенбиз. Бирок катчылык биздин маалыматтарды четке кагып, биз бере турган суроолорду өздөрү тактоого аракет кылышты,” деп билдирди Төлөйкан Исмаилова.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG