Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

Түркияда кол салуудан 44 адам мерт кетти


Түркиянын түштүк-чыгышында белгисиз адамдар үйлөнүү тою өтүп жаткан үйгө кол салышып, бери дегенде 44 адам мерт кетти. Мардин вилайетинин губернатору Ахмет Ферхат Өзендин айтымында, Султанкөй кыштагында өтүп жаткан тойго беттерин чүмкөгөн адамдар кирип келип, туш келди ок ачышкан. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Кабарларга караганда, тойго катышкандардын көбү жикчилер менен күрөшүп келген жергиликтүү топтордо иштешкен. Бул аймакта буга чейин да күрт жикчилердин чабуулдары болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG