Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Бүгүн БШК президенттин өкүлдөрүн каттайт


БШКнын мүчөсү Жамийла Асанбекованын “Азаттыкка” берген маалыматына караганда бүгүн БШК кезектеги жыйынын өткөрүп, анда президент Курманбек Бакиевдин кезектеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттайт. Буга чейин президенттикке ыктымал талапкер президент Бакиевдин эки талапкери катталган. Алардын ысымдарын БШК атаган жок. “24kg” агенттигинин маалыматы боюнча алар “Топ аудит kg” жабык акционердик коомунун өкүлдөрү болуп саналышат.

Асанбекованын маалыматына караганда ыктымал талапкерлердин 130 өкүлү катталды. Буга чейин президенттикке талапкер болуу ниети менен БШКга сегиз жаран арыз берген. Алар - Исмаил Исаков, Жеңишбек Назаралиев, Куттубек Асылбеков, Акбаралы Айтикеев, Нурлан Мотуев, Мурат Боромбаев, Алмаз Парманов, Курманбек Бакиев. СДП партиясы талапкердикке көрсөткөн Алмаз Атамбаев, “Ак шумкар” партиясы көрсөткөн Темир Сариев арыз бере элек. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG