Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Бийлик менен бейөкмөт уюмдар чогуу кызматташат


Мындай макулдашууга бүгүн президент Курманбек Бакиев менен мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кол коюлду. Ага отузга жакын уюмдун өкүлдөрү катышты. Президент өз сөзүндө өлкөдө бийлик менен бейөкмөт уюмдардын биргелешип иштөөсүнө мындан ары жакшы шарттар түзүлө турганын белгиледи. Жолугушууга келген уюмдардын өкүлдөрү учурда Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам алардын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла чектей турганын айтып, мындай мыйзам кабыл алынбай турганына ишеничтерин билдиришти. Айрым укук коргоо уюмдары бул жолугушууда президентке берилчү суроолор алдын-ала такталып, талкуу бийлик калаган нукта өтөт, деп катышуудан баш тартышкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG