“Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун билдиришинче, нааразылык иш-чара 18-майда Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтта өтөт. Анда аталган үналгыны өлкөнүн баардык аймагында УТРК аркылуу обого чыгаруу талабы коюлмакчы. Угармандар кыймылынын өкүлдөрү 28-апрелде "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесине келип "Азаттыктын" берүүлөрүн угуу кыйындап калганына тынчсыздануу билдиришкен, кыргыз бийлигине үналгыны УТРКнын обосуна чыгаруу талабын коюшкан. (EBM)