Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Бүгүн президент Курманбек Бакиев отуз чакты коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, бийлик менен биргелешип кызматташуусу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Иш-чарага катышуудан баш тарткан бейөкмөт уюмдардын бири, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Биз, укук коргоочулар өлкөдөгү өнүгүү процесси бийлик менен мамлекеттик эмес уюмдардын, атуулдук коомдун сүйлөшүүсү жана диалогу аркылуу болот, деп айтып келебиз. Бирок бул жерде да аделеттүүлүк, акыйкаттуулук, теңдүүлүк принциптери иштеши керек. Баягы совет мезгилиндегидей, саанчыларды, же керектүү кишилерди тандап алгандай тандап алып жабык режимде кабыл алынган чечимдерден жакшы өбөлгө болбойт. Адамдарга пайдасы да жок болот. Бул жабык режим болуп калып атат. Секретариат каалагандай болуп атат. Жолугушуу жакшы, бирок, ошондо дагы оппозиция менен, атуулдук коомдун башка дагы институттар менен, мисалы, фермерлер, майда бизнес өкүлдөрү, ушул сыяктуу башка топтор, журналисттер менен да жолукса келечекке жакшы кадам болот эле.

Экинчи маселе. Эмне үчүн шайлоонун астында жолугуп атат? Анткени бул да талапкер да. Талапкерлерге шайлоо астында теңдүүлүк болуш керек, Бакиев мырза башка талапкерлерге да ушундай шартты түзүп бериш керек. Мен ушуну калаар элем. Болбосо биз диалогду кубаттайбыз.

- Сиздер бул жолугушуудан, анын форматы, суроолрдун алдын ала такталып бериле турганын угуп катышуудан баш тарткан элеңиздер.

- Ооба, биз баш тартканбыз. Анткени жарандык коом дегенден кийин теңдүүлүк болуш керек. Президенттин катчылыгы басмырлап, өзүнүн форматына киргизди. Мисалы алар Бакиев мырзанын өнүгүүнүн жаңы концепциясын жактагыла дешти. Биз аларга “КПССти унутуш” керек, деп айттык. Анткени азыр плюралисттик коом, адамдардын ар кандай көз караштары бар. Ошонун баарын талкуулап чечиш керек, деп айттык. Басмырлап, күчтөп форматка киргизүү туура эмес. Анкени бул натыйжалуу болбой калышы мүмкүн. Анткени Акаев мырза дагы кетеринин астында ушундай өзүнө керектүү адамдар менен тегерек үстөлдөрдү өткөргөндү жакшы көрүп калган.

- Бул жолугушуудан баш тарткандан кийин президентке өлкөдө адам укугу жааттагы абал тууралуу, саясий-укуктук маселелерди жеткирүүнүн башка жолдорун издейбиз, деп билдирдиңиздер эле.

- Издеп жатабыз. Биз издейбиз. Бирок ал азыр талапкер болуп аткандан кийин буга анча деле муктаждык жок го. Анкени ал кишинин шайлоонун астындагы платформасы болот да. Ошол платформасын баалап талкуулаш керек.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG