Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Түркиянын түштүгүндөгү чабуулдан кеминде 44 кишинин өмүрү кыйылды


Түркиянын түштүгүндө куралчан адамдар үйлөнүү тою болуп аткан үйгө чабуул коюп, бери дегенде 44 кишинин өмүрү кыйылды. Расмий булактардын ырастоосунда, окуя кечээ кечинде Сирия менен чегарага жакын Билге айлында орун алган. Беттери чүмбөттөлгөн адамдар тойго чогулган конокторго граната ыргытып, автоматтардан ок жаадырышкан. Үйлөнүп жаткан жаштардын дайыны белгисиз. Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай кыргын күрт сепаратисттери эмес, өч алууну көздөгөн адамдар тарабынан уюштурулган оңдөнөт деп билдирди. Министр 8 кишинин кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG