Улуттар уюмунун Өнүгүү программасы табигый кырсыктардан сактануу үчүн жер-жерлерде куткаруучулар тобун түзүү долбоорун ишке ашырууда. Элеттик куткаруучулардын алгачкы топтору 16 айыл өкмөтүндө түзүлүп, даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө опурталдуу жерлерде жайгашкан элеттик куткаруучулар керектүү жарак-жабдыктар менен камсыз болушат. Бул тууралуу долбоордун тескөөчүсү Кубанычбек Орузбаев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда БУУнун Өнүгүү программасы табигый кырсыктарды алдын-алуу, андан сактануунун жол-жоболорун калкка үйрөтүү максатында ушундай айылдык куткаруучулар тобу долбоорун ишке киргизүүгө киришти.(ZKo)