Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Президент Бакиев журналисттер менен бейформал жолугушту


Жолугушуу cөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө жана Кыргызстандын Конституция күнүнө арналып, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү. Ага Кыргызстандагы отуздан ашык маалымат каражаттарынын жетекчилери, өкүлдөрү катышты. Жолугушууга оппозициялык көз карашты тутунган “Ачык саясат” гезитинен катышкан жок. Президент жолугушууда журналисттерди Кыргызстандын турмушун чагылдырууда калыстыкка, кесипкөйлүккө чакырып, алардын жеңил эмес ишине ийгилик каалады. Бакиев ошондой эле 23-июлда болору күтүлүп жаткан президенттик шайлоо ийгиликтүү өтөрүн белгилеп, күзүндө журналисттерди ушул эле курамында кайрадан бейформал жолугушууга чакырды. 5-майдагы бул жолугушууну президенттик администрациянын Катчылыгы уюштурду.

Ушул эле күнү президент Мамлекеттик резиденцияда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Коомчулукта президент Бакиевдин келерки президенттик шайлоого талапкер болуп көрсөтүлгөндөн кийинки жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууларын шайлоочулардын жана Эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары чечмеленүүдө. Жолугушууга катышуудан баш тарткан бир катар бейөкмөт уюмдары президенттикке талапкерлердин бардыгына ушундай бирдей шарт түзүү зарыл деп билдиришүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG