Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 12:24

Х. Клинтон Армения жана Азербайжандын министрлери менен сүйлөштү


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Клинтон айым алгач Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандиан, андан соң Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Маммадиаровду кабыл алып, отун-кубат коопсуздугу жана талаштуу Тоолуу Карабак тууралуу сүйлөштү. Азербайжан бийлиги Түркия менен Армениянын өз ара мамилелерди жакшыртуу тууралуу сүйлөшүүлөрүнө тынчсыздануусун билдирип келет. Өткөн айда Армения менен Түркиянын бийлиги ортодогу чек араларды ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG